"Күнүнө бир гана жолу тамактанабыз". Асад режими кулагандан бери сириялыктар эмне үчүн жакырланууда? - BBC News Кыргыз Кызматы
Сентябрь айында Сириянын бир катар шаарларында нааразылык акциялары башталды. Аянттарда жана көчөлөрдө чогулган адамдар дөңгөлөктөрдү өрттөп, жолдорду тосуп, өкмөттүн күйүүчү майдын баасын дагы көтөрүү чечимине нааразычылыгын билдиришти. Бул Ахмед аш-Шараа эки жыл мурда өлкө бийлигине келгенден бери өкмөттүн чечимдерине каршы уюштурулган эң ири нааразылык акциясы болду.
Read more











